Товардык белги жана тейлөө белгиси - бул бир юридикалык же жеке жактардын товарларын жана кызматтарын башка юридикалык же жеке жактардын бирдей товарларынан же кызматтарынан айырмалай турган белгилер. Катталган товардык белгиге күбөлүк берилет. Күбөлүк товардык белгинин артыкчылыгын, күбөлүктө көрсөтүлгөн товарларга карата товардык белги ээсинин өзгөчө укугун такстыктайт.
Товардык белгилер катары сөздүк, сүрөттүк, көлөмдүк жана башка белгилер же алардын комбинациялары катталышы мүмкүн.
Бул жерде белгилей кетчү нерсе, товардык белгинин укуктук коргоосунун аракети белги каттоодон өткөн өлкөнүн аймагында гана колдонулат. Товардык белгини башка өлкөлөрдүн аймагында коргоого алуу үчүн тийиштүү өлкөнүн/региондун ведомствосуна же интеллектуалдык менчик боюнча Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунуна (ДИМУ) товардык белгини каттоо үчүн өтүнмө берүү керек.
Товардык белгини каттоо жол-жобосу
1. Товардык белгинин окшоштугун жана бирдейлигин издөө
Товардык белгини Интеллектуалдык менчик агенттигине каттоого өтүнмө берүүдөн мурда, аны мурда каттоодон өткөн товардык белгилер менен окшоштугун жана бирдейлигин текшерүү керек. Башка учурда, өтүнмөгө экспертиза жүргүзүүнүн учурунда товардык белги үчүн суралып жаткан коргоого өтүнмө үчүнчү жактардын интеллектуалдык менчик укуктарын бузгандыгы аныкталышы мүмкүн. Мындай учурда белгини каттоодон баш тартуу чечими кабыл алынат.
Товардык белгини окшоштугу жана бирдейлиги боюнча онлайн текшерүүнү биздин сайтта өз алдынча жүргүзсө болот. Ошондой эле, интеллектуалдык менчик агенттигинин маалымат базасына биздин адистерибиз тарабынан жүргүзүлгөн товардык белгилердин окшоштугу жана бирдейлиги боюнча толук издөөгө буйрутма берсе болот. Издөө улуттук жол-жоболор менен жана эл аралык товардык белгилердин базасында катталган өтүнмөлөргө жана белгилерге карата жүргүзүлөт. Толук изилдөөнүн негизинде биздин адистер андан аркы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча сунуштары менен толук отчет түзүшөт.
2. Өтүнмөнү түзүү жана тапшыруу
Кыргызстанда товардык белгини каттоого ишкердик иш жүзөгө ашырган жеке жак да, юридикалык жак да өтүнмө бере алат. Өтүнмө учурдагы мыйзамдардын бардык формалдуу талаптарына ылайык түзүлүшү керек. Кыргыз Республикасында товардык белгиге өтүнмө берүү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- Талап кылынган белги жана анын сыпаттамасы
- Өтүнмө ээси жөнүндө маалымат
- ТКЭЖдин класстары боюнча топтоштурулган товардык белгини каттоо боюнча суралган товарлардын тизмеси
3. Товардык белгиге өтүнмө боюнча экспертиза жүргүзүү
Өтүнмө боюнча экспертиза Кыргызпатент тарабынан жүзөгө ашырылат жана алдын ала экспертизаны жана билдирилген белгинин экспертизасын камтыйт.
3.1. Формалдуу экспертиза
Өтүнмө берилген күндөн тартып бир айдын ичинде алдын ала экспертиза жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө өтүнмөнүн мазмуну жана анын формалдуу талаптарга ылайык келүүсү текшерилет.
3.2. Билдирилген белгиге экспертиза жүргүзүү
Алдын ала экспертиза аяктагандан кийин билдирилген белгиге экспертиза жүргүзүүгө өтүнмө берилген күндөн тартып он эки айдын ичинде жүргүзүлөт. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча товардык белгини каттоо же аны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
4. Мамлекеттик каттоо жана товардык белгиге күбөлүк берүү
Товардык белгини каттоо жөнүндө чечимдин негизинде чечимди алган күндөн тартып бир айдын ичинде товардык белги катталат.
Товардык белгини каттоого байланышкан жана Реестрге киргизилген маалыматтар товардык белги реестрде катталган күндөн тартып же Реестрге товардык белгини каттоого өзгөртүүлөр киргизилген күндөн тартып үч айдын ичинде расмий бюллетенде Кыргызпатент тарабынан жарыяланат.
Товардык белгиге күбөлүк берүү товардык белги расмий бюллетенде жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин Кыргызпатент тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргызстанда товардык белгини каттоонун жарактуу мөөнөтү өтүнмө берилген күндөн тартып 10 жылды түзөт. Өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча жана тиешелүү алым төлөнгөн шартта бир нече жолу узартылышы мүмкүн.
“Михайлюк, Сороколат жана партнерлор” компаниясынын адистери Кыргызстанда интеллектуалдык менчик укуктарын каттоо жана коргоо боюнча кызматтардын толук спектрин көрсөтүүгө кубанычта болушат. Биз иш кагаздарын жүргүзүү учурунда өтүнмө ээсинен алынган бардык маалыматтардын купуялуулукта кармалышына кепилдик беребиз.