Михайлюк, Сороколат жана партнерлор

Патенттик ишенимдүү өкүлдөр
Кыргыз Республикасында автордук укукту каттоо

Кыргыз Республикасында автордук укукту каттоо

Автордук укук – бул адамдын чыгармачылык эмгегинин натыйжасы, ал адабият, илим жана искусство чыгармаларына алардын билдирилишинин ыкмасына карабастан тиешелүү.

Илим, адабият жана искусство чыгармаларына автордук укук аны жаратуу фактысынан кийин келип чыгат. Автордук укуктун келип чыгышы жана анын жүзөгө ашырылышы үчүн чыгарманы каттоо же кандайдыр-бир башка формалдуулуктарды сактоо талап кылынбайт. Автордук укук анын бүткүл өмүрүнүн аралыгында жана автор өлгөндөн кийинки жылдын 1-январынан тартып эсептегенде дагы 50 жыл бою күчүндө болот. Авторлоштук менен түзүлгөн чыгармага автордук укук авторлоштордун бүткүл өмүрүнүн аралыгында жана башка авторлоштордон көп жашаган акыркы автор өлгөндөн кийин 50 жыл бою күчүндө болот.

Автордук укуктун объектилеринин арасында ар кандай түрдөгү ЭЭМ үчүн программалар, анын ичинде прикладдык программалар жана операциялык системалар кирет, алар каалаган программалоо тилинде жана каалаган формада, анын ичинде баштапкы текстти жана объекттик кодду көрсөтүүгө болот. Мындай объектилер адабий чыгарма катары корголот жана Кыргызстандын Интеллектуалдык менчик агенттигинде каттоодон өтүшү мүмкүн.


ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын каттоо

ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына бардык мүлктүк укуктардын автору же башка ээси (автордук укук ээси) түздөн-түз же анын өкүлү аркылуу автордук укуктун колдонулушунун мөөнөтүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берүү жолу менен өз каалоосу боюнча ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын каттай алат.

ЭЭМ үчүн программаларды же маалымат базаларын каттоого өтүнмө берүү үчүн төмөнкү материалдар талап кылынат:

  • өтүнмө ээсинин жана/же автордун реквизиттерин көрсөтүү менен каттоого арыз
  • ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын дентификациялоочу материалдар, анын ичинде реферат

Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелиши керек:

  • өтүнмө үчүн алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ
  • Ишеним кат, эгерде өтүнмө боюнча иш кагаздары өкүл аркылуу жүргүзүлсө

Бардык керектүү документтерди алгандан кийин Ведомство өтүнмө ээсине кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама жөнөтөт.


Формалдуу экспертиза

ЭЭМ үчүн программаларды жана маалымат базаларын каттоого өтүнмө 30 күндүн ичинде формалдуу экспертизадан гана өтөт, ал өтүнмөнүн формалдуу талаптарга ылайык келишин текшерет. Мындай текшерүүнүн негизинде автордук укук объектисин каттоо же күбөлүк берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.

Эгерде формалдуу экспертизанын жыйынтыгы боюнча ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын каттоо жөнүндө чечим кабыл алынса, анда өтүнмө ээсине тиешелүү кабарлама жөнөтүлөт, андан кийин Ведомствого автордук укук объектисин каттоо үчүн алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ келип түшүшү керек. Эгерде мындай документ бар болсо, ЭЭМ үчүн программа же маалымат базасы катталып, маалымат тиешелүү бюллетенде жарыяланат жана күбөлүк берилет.


Автордук укуктарды өткөрүп берүү жана лицензиялык келишимдер

Автордук жана чектеш укуктарды үчүнчү жактарга келишимдин негизинде өткөрүп берүүгө болот, анда объекттерди пайдалануу шарттары, ошондой эле авторго сый акынын өлчөмү жана төлөө тартиби көрсөтүлүшү керек.

“Михайлюк, Сороколат жана Партнерлор” компаниясынын адистери Сизди кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө жана автордук укуктарды каттоо боюнча, ошондой эле Кыргызстанда лицензиялык келишимдерди же укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерди иштеп чыгуу боюнча толук комплекстүү кызматтарды көрсөтүүгө кубанычта болушат. Биз өтүнмө боюнча иш кагаздарын жүргүзүү учурунда өтүнмө ээсинен алынган бардык маалыматтардын купуялуулукта кармалышына кепилдик беребиз.

Бекер кеңеш алуу