"Михайлюк, Сороколат жана Партнерлор" Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды алуу жана коргоо боюнча консалгтингден, документтерди даярдоодон, коргоо документин ийгиликтүү алуудан жана аны күчүндө кармап туруудан баштап, интеллектуалдык менчиктин ээлеринин кызыкчылыктарын соттук коргоого чейинки кызматтардын толук комплексин көрсөтөт.
Компаниянын кеңселеринин Кыргызстанда, Украинада, Казакстанда, Грузияда, Молдовада, Европа Биримдигинде, Кытайда болушу, ошондой эле чет өлкөлүк патенттик ишенимдүү өкүлдөр менен кызматташуу биздин кардарларга дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. “Михайлюк, Сороколат жана Партнерлор” тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын комплекси төмөнкүлөрдү камтыйт:
- патенттөө: Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө ойлоп табууларды, өнөр жай үлгүлөрүн, пайдалуу моделдерди, өсүмдүктөрдүн сортторун;
- каттоо: Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө товардык белгилерди (логотиптер, соода маркалары, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө арналган белгилер), домендик аталыштарды, штрихкоддорду, автордук укуктарды;
- соода маркаларына мониторинг жүргүзүү;
- укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдердин жана лицензиялык келишимдерди түзүү жана каттоо;
- интеллектуалдык менчик объекттерин Кыргыз Республикасынын бажы реестрине киргизүү (соода маркалары, өнөр жай үлгүлөрү, товарлардын келип чыгышынын географиялык белгилери, автордук жана чектеш укуктар объектилери);
- патенттик изилдөөлөрдүн бардык түрлөрүн жүргүзүү;
- интеллектуалдык менчик укуктарын бузууларды токтотуу жана коргоо;
- патенттик алымдарды төлөө;
- патенттик жана башка документтерди кесиптик которууну аткаруу;
- консалтинг жана башка маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
- ЭЭМ үчүн программалары жана маалыматтар базалары.