Патент - бул интеллектуалдык менчикке болгон мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды ырастаган документ. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ойлоп табууга патент - бул жаңы, өнөр жайда колдонулуучу жана ойлоп табуучулук деңгээли бар, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде каттоодон өткөн, продукт же ыкмага тиешелүү болгон ар кандай техникалык чечим.
Ойлоп табуунун патентин каттоодо, патенттин аймактык күчүнө ээ экендигин жана патент ээси каттоодон өткөн өлкөдө өзүнүн мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын башкарууга укук берерин эске алуу керек.
Кыргызстанда ойлоп табууларды патенттөө жол-жобосу
1. Патенттик издөө
Ойлоп табууга өтүнмө бергенге чейин патенттик изилдөө жүргүзүү сунушталат (пантенттик издөө), бул өз кезегинде чечимдин патенттик жөндөмдүүлүк критерийлерине шайкештигин аныктоого, өтүнмөнү түзүүгө жана объектти патенттөө формасына (ойлоп табуу же пайдалуу модель) байланыштуу бир катар маселелерди чечүүгө жардам берет.
Биздин компаниянын адистери Евразиялык жана Европалык патенттик ведомстволорунун маалымат базаларында, ошондой эле Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (ДИМИ) маалымат базаларында патенттик издөө жүргүзүшөт.
2. Өтүнмөнү түзүү жана тапшыруу
Кыргызстанда патентке өтүнмө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине берилет. Өтүнмөнү түзүү жана аны Агенттикке берүү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- Автор жана өтүнмө ээси жөнүндө маалыматтар
- Ойлоп табуунун сыпаттамасы
- Ойлоп табуунун формуласы
- Реферат
- Чиймелерди, эгерде сыпаттамада шилтеме болсо
Бардык керектүү документтердин болушу жана өтүнмөнүн туура түзүлүшү экспертизанын суроолорунун болбошуна таасир этиши мүмкүн. Биздин компаниянын патенттик өтүнмөлөрдү берүү тажрыйбасы 30 жылдан ашык, бул өтүнмө түзүү жана берүү боюнча кызматтардын сапатына жана андан аркы коштоосуна олуттуу таасир этет.
3. Өтүнмөлөрдүн экспертизасы
3.1. Формалдуу экспертиза
Ойлоп табуу боюнча өтүнмөнүн формалдуу экспертизасы Интеллектуалдык менчик агенттиги тарабынан жүргүзүлөт. Формалдуу экспертизанын жүрүшүндө Агенттик өтүнмөнүн бардык формалдык талаптарга жооп берерин жана өтүнмө үчүн алымдардын төлөгөндүгүн тастыктаган документтердин бар экендигин, ошондой эле ойлоп табууну укуктук коргоого ээ болгон өнөр жай менчигинин объектилеринин катарына киргизүү мүмкүнчүлүгүнүн бар экендигин текшерет.
3.2. Маңызы боюнча экспертиза
Ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза 18 айдын ичинде жүргүзүлөт. Экспертиза учурунда патенттөө объектиси патентке жөндөмдүүлүк критерийлерине шайкештиги текшерилет. Мындай текшерүүнүн негизинде патент берүү же берилбөө жөнүндө чечим кабыл алынат, ал жөнүндө өтүнмө ээсине кабарлама жөнөтүлөт.
4. Ойлоп табууну каттоо жана патент берүү
Эксперттик баалоонун оң чечими болгон учурда ойлоп табуунун патентин каттоо, ал жөнүндө расмий бюллетенде жарыялоо жана коргоо документин берүү жүргүзүлөт. Ошол эле учурда патент берүү үчүн алымды төлөө жөнүндө документ аны берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 айдын ичинде Агенттикке келип түшүшү керек.
Кыргызстанда өтүнмөнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген күндөн баштап ойлоп табуунун патенти 20 жыл аралыгында күчүндө болот.
Фармацевтикага тиешелүү ойлоп табуунун патентинин жарактуулук мөөнөтү ээсинин өтүнүчү менен узартылышы мүмкүн, бирок беш жылдан ашык эмес.
Кыргызстанда ойлоп табууга патенттөөгө буюртма берүү же интеллектуалдык менчик укуктарын каттоо жана коргоо боюнча суроолорду берүү үчүн биздин компанияга Сиз үчүн ыңгайлуу болгон ыкма менен кайрылсаңыз болот.