Өнөр жай үлгүсү – бул буюмдун сырткы келбетин аныктаган көркөм-конструктивдик чечимге тиешелүү интеллектуалдык менчик объектиси. Өнөр жай үлгүсүнүн патенти - бул жаңылыгы жана оригиналдуулугу патенттөөгө жөндөмдүү болгон объекттин критерийлерине ылайык келиши шартында экспертизанын жыйынтыктары боюнча берилүүчү коргоо документи.
Өнөр жай үлгүсүнүн патенти жалаң гана буюмдун тышкы түрүн коргойт, ошондой эле аймактык күчкө ээ болуп, патент ээсине патентти каттоодон кийин пайда болгон укуктарды жалаң гана ал каттоо жүргүзүлгөн өлкөнүн аймагында пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, өнөр жай үлгүсүнө патент бир эле объектке тиешелүү же бирдиктүү чыгармачыл ой менен байланышкан буюмдардын топтому катары аныкталган өнөр жай үлгүсүнүн бир нече варианттары үчүн берилиши мүмкүн.
Өнөр жай үлгүлөрүн Кыргызстанда патенттөө жол-жоболору
1. Өтүнмөнү түзүү жана тапшыруу
Өнөр жай үлгүсүн каттоого өтүнмө берүү үчүн биздин компаниянын адистерине төмөнкү документтер керек:
- Автор жана өтүнмө ээси жөнүндө маалыматтар
- Өнөр жай үлгүсүнүн электрондук түрүндөгү сүрөттөрү
- Өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасы
2. Өтүнмөлөрдүн экспетизасы
Өндүрүштүк үлгүлөргө өтүнмө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган формалдуу экспертиза жана маңызы боюнча экспертиза жүргүзөт.
2.1. Формалдуу экспертиза
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө берүү күнүнөн тартып 2 ай ичинде формалдуу экспертизаны жүргүзөт. Эгерде өтүнмө формалдуу экспертизанын талаптарын канааттандырса, өтүнмө ээсине формалдуу экспертизанын оң натыйжасы жөнүндө аны берген датасын көрсөтүү менен кабарлама жөнөтүлөт.
2.2. Маңызы боюнча илимий-техникалык экспертиза
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнү формалдуу экспертиза оң натыйжасы менен бүткөн күндөн тартып 5 айдын ичинде маңызы боюнча экспертизадан өткөрөт. Маңызы боюнча илимий-техникалык экспертиза жүргүзүү учурунда, өтүнмө берилген объекттин патентке жөндөмдүүлүктүн белгиленген талаптары менен критерийлерине жана өтүнмөнүн өнөр жай үлгүсүнүн бирдиктүүлүк талабына ылайык келүүсүнө текшерилет.
Эгерде өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүнүн натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмөдөгү өнөр жай үлгүсү өтүнмө ээси сураган укуктук коргоонун көлөмүндө өнөр жай үлгүсүнүн патентке жарамдуулук шарттарына ылайык келгендигин аныктаса, патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат.
3. Өнөр жай үлгүсүн каттоо жана патент берүү
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган патент берүү жөнүндө чечимдин негизинде жана өтүнмө ээси патентти каттагандыгы, жарыялагандыгы жана бергендиги үчүн алым төлөгөн шартта, Кыргыз Республикасынын өнөр жай үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестрине (мамлекеттик электрондук реестрине) өнөр жай үлгүсүн киргизет, патент берүү жөнүндө расмий бюллетенде маалыматтарды жарыялайт жана патент кимдин атына суралса ошол жакка патент берет.
Өнөр жай үлгүсүнө патент ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген датадан тартып 5 жыл бою күчүндө болот. Өнөр жай үлгүсүнө патенттин колдонуу мөөнөтү патент ээсинин өтүнүчү боюнча, ар бир жолу 5 жылга узартылышы мүмкүн. Мында өнөр жай үлгүсүнө патентти колдонуунун жалпы мөөнөтү өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө берилген датадан тартып 25 жылдан ашпашы керек. Өнөр жай үлгүсүнө патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө ээсинин өтүнүчү боюнча, кошумча алым төлөө шарты менен ага 6 айлык мөөнөт берилет.
Кыргызстанда өнөр жай үлгүсүн патенттөөгө буюртма берүү же интеллектуалдык менчик укуктарын каттоо жана коргоо боюнча суроолорду берүү үчүн биздин компанияга Сиз үчүн ыңгайлуу болгон бардык жолдор менен кайрылсаңыз болот.